Сереп / Макалалар /
Валерий ДИЛЬ: Менчик укуктарын коргоо, тике инвестицияларды тартуу – өкмөттүн негизги багыттары

ЭИК
1 январь 2015

2013-2017-жылдардагы мезгилге карата Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүшүнүн улуттук стратегиясында «өлкө өтө жетишсиз инвестициялык тартуучулукка ээ, көптөгөн эл аралык индекстер боюнча анын төмөндөгөнү белгиленген... Мыйзамга киргизилген бир катар түзөтүүлөргө, ошондой эле жүргүзүлгөн институттук реформаларга карабастан, Кыргызстандагы чакан жана орто бизнес өзүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулата албагандыгы далил бойдон калат. Стратегия иштелип чыккандан бери Кыргызстандын инвестициялык климатында кандай өзгөрүүлөр болуп жаткандыгы тууралуу КР вице-премьер-министри Валерий ДИЛЬ айтып берет.

- Валерий Исидорович, өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча өкмөт тарабынан кандай чаралар көрүлдү?

- Бизнести жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттар менен камсыз кылуу, менчик укуктарын коргоо жана кепилдиктер, тикелей инвестицияларды тартуу жана өз активдерин натыйжалуу башкаруу – булар экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүү үчүн башкы милдеттерден болуп саналат. Өкмөт инвестициялар жана экспорт үчүн салыктык стимулдарды түзөт. Өкмөт укук системасына реформа жүргүздү жана ички жана тышкы сооданын эрежелерин жеңилдетти. Иштеп жаткан мыйзам жергиликтүү жана чет өлкөлүк инвесторлор үчүн бирдей шарттарды караштырат. Өкмөт чет өлкөлүк инвесторлордун ишмердигинин биринчи 10 жылынын аралыгында укуктук шарттар өзгөрүлбөй тургандыгына кепилдик берет.

- Өкмөт аймактардын өнүгүшү үчүн кандай шарттарды түзүп жатат?

-Ар бир аймактын өнүгүшү улуттук долбоорлор менен, өзгөчө айыл чарбасында, натыйжалуу экономикалык зоналарды түзүү менен байланышкан, бул долбоорлор өлкөнүн экономикасынын аймактык диверсификациясынын өзгөчөлүктөрүн эске алат. Бюджет жана салык чөйрөлөрүндөгү жергиликтүү бийлик органдарынын ыйгарым укуктары кеңейип жатат, бул аймактагы чакан жана орто бизнестин өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

Жакында өкмөт тарабынан дотациялык райондордо түзүлгөн өнөр жай ишканалары үчүн беш жылга салыктык преференциялар (жеңилдиктер) берилиши каралган Салык кодексине түзөтүүлөрдү киргизүү долбоору жактырылган.

Жеңил жана кайра иштетүү өнөр жайы жаатында технополистердин түзүлүшү маанилүү роль ойнойт, анда өндүрүштүк жайлар жана инфраструктура түрүндө зарыл шарттар түзүлөт.

Азыркы учурда тигүү бизнесинин ишкерлеринин сунуштары эске алынуу менен текстиль жана тигүү өндүрүшү үчүн Технополисти куруу боюнча бизнес-план иштелип жатат. Бизнес-план толук иштелип чыкканына жараша «Жеңил өнөр жайы» ассоциациясы каржы каражаттарын издөө үчүн коммерциялык банктарга жана башка каржы институттарына сунуштарын берет.

Военно-Антоновка айылдык кеңешинин ушул жылдын февралындагы токтому менен жеңил өнөр жайынын экологиялык жактан коопсуз жана экономикалык жактан максатка ылайыктуу объектиси катары, Военно-Антоновка айыл аймагынын территориясындагы 50 гектар кайрак жерге технополисти куруу үчүн жер тилкесинин бөлүнүп берилиши жактырылган. Объект айыл аймагынын Башкы планына киргизилген. Жер тилкесинин бөлүнүп берилишинин кармалгандыгына байланыштуу технополисти куруунун мөөнөтү 2015-жылга жылдырылган.

- Россия - Кыргызстандын негизги инвесторлорунун бири. Кайсы тармактарда бул кызматташтык өнүгүп жатат?

- Россиялык инвесторлор Кыргызстандын келечектеги ишинин жөнүн көрүп турушат. Биз Россиянын аймактары менен кызматташтыкты кеңейтип жатабыз, биздин өлкөлөр ортосундагы соода өнүгүп жатат. Өкмөт жеке россия капиталынын тартылышына багыт алган.

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-орусия комиссиясынын 15-отурумунун жыйынтыгы боюнча «Залкар Банк» ААКнын акцияларынын 90%ын «Инвестициялык Соода Бизнес Холдинги» ААКга сатууну жүзөгө ашыруу чечилген. 2013-жылдын май айында акцияларды сатуу-сатып алуу келишими түзүлгөн, жана «Залкар Банк» ААКсы «Инвестициялык Соода Бизнес Холдинги» ААК болуп кайра катталган.

Биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча иштер башталды. Курулуп жаткан Жогорку-Нарын каскадын алты жылдын ичинде куруп бүтүрүү пландаштырылып жатат. Ал өзүнө долбоорлук кубаттуулугу 237,7 МВт жана электр энергиясынын жылдык орточо иштелип чыгышы 942 млн. кВт.саат болгон төрт гидроэлектростанцияны камтыйт.

Камбарата-1 ГЭСинин долбоорлук кубаттуулугу 1860 МВт түзөт, электр энергиясынын жылдык орточо иштелип чыгышы 5,0 млрд. кВт.сааттан ашык. Азыркы убакта анын курулушунун техникалык-экономикалык негиздемесин бекитүү боюнча иштер жүрүп жатат.

Бул эки долбоордун жүзөгө ашырылышы жылына 6 млрд. кВт. саатка чейин электр энергиясын кошумча иштелип чыгышына мүмкүндүк берет жана Кыргызстанда энергияны керектөөнүн кышкы чыңалышынын жабылышын жана экспортту көбөйтүү мүмкүндүгүн камсыз кылат. Камбарата-1 ГЭСинин кошумча сандагы электр энергиясын иштеп чыгышы Токтогул суу сактагычынан кыш мезгилинде кое берилген суунун көлөмүн азайтууга, жана тийиштүү түрдө, төмөн жаткан мамлекеттердин ирригациялык муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн сугат мезгилинде кое берүүлөрдүн көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

Кыргыз Республикасынын аймагына жаратылыш газын ташып келүү, бөлүштүрүү жана сатуу жаатындагы кызматташтык жөнүндө келишимге ылайык россиялык тарап беш жылдын аралыгында 20 млрд. рублдан кем эмес өлчөмдө газ инфраструктурасын модернизациялоого жана реконструкциялоого инвестицияларды салууга кепилдик берип жатат. Андан сырткары, магистралдык газ куурларын өнүктүрүү жана жабдууларын модернизациялоо, тарифтик саясаттын сакталышы, республиканын керектөөчүлөрүнө жаратылыш газынын үзгүлтүксүз берилиши жана алынып келишине кепилдиктин берилиши, эмгек акы жана жумуштуулуктун деңгээли жаатындагы социалдык программалардын камсыз кылынышы каралат.

2014-жылдын 10-апрелинде «Кыргызгазпром» ЖЧКсынын уставдык капиталындагы 100 пайыздык үлүштү менчикке өткөрүп берүү боюнча тараптардын ыйгарым укуктуу мекемелеринин ортосунда сатуу-сатып алуу келишими түзүлгөн. 2014-жылдын 11-июлунда «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсын Мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк алынып, азыркы убакта башкаруу органдары түзүлүп жатат.

Бул башталыштардын бардыгы жакынкы 2-3 жылда биздин экономикага оң таасирин тийгизе баштайт, бирок саясый туруктуулуктун шартында. Оң маанайдагы прогноздорго жетишүү үчүн өкмөттөн макроэкономикалык туруктуулукту сактоо талап кылынат. Биринчи кезекте бул инфляция менен бюджеттин тартыштыгынын көрсөткүчтөрүнө таандык.

Августтун башында бизге «Бириккен машина куруу заводдору» (Уралмаш-Ижора тобу) компаниясынын жетекчилери келип, тоо-кен, мунай-химиялык жана газ өнөр жайлары үчүн жабдуулардын чыгарылышын презентация кылышты. Кыргызстан заманбап жана техникалык жактан ишенимдүү жабдуулардын алынып келишине кызыкдар. Биз жабдууларды алып келүү жана өлкөдөгү токтоп турган өндүрүштүк кубаттуулуктардын жандандырылышы боюнча кызматташууга даярбыз. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча протоколго кол коюлган, анда Кыргызстандын өнөр жайын өнүктүрүү боюнча кызматташуу чөйрөсүндөгү аракеттердин программасы бекитилген.

- Кытай менен биргелешкен инвестициялык долбоорлор жөнүндө айтып берсеңиз.

- Кытай менен биз энергетикалык, транспорттук, мунайды кайра иштетүүчү заводду куруу сыяктуу ар кандай секторлордо долбоорлорду аткарып жатабыз.

Ири энергетикалык долбоорлор – бул Кыргызстандын түштүгүндө электр энергиясын берүү линияларын модернизациялоо жана куруу, алар Токтогул ГЭСинин каскадынан Ош жана Баткен облустарына электр энергиясын берүүгө мүмкүндүк берет. «Датка-Кемин» электр энергиясын берүү линиясынын жана жогорку чыңалуудагы «Кемин» подстанциясынын курулушу Кыргызстандын энергетикалык жактан көз каранды болбошу үчүн шарттарды түзөт. Андан тышкары ТВЕА деген кытай компаниясы жакында Бишкек ЖЭЦин модернизациялоого киришет.

Өтө ири транспорт долбоорлорунун ичинде Бишкек-Нарын жана Ош-Баткен-Исфана авто жолдорун модернизациялоо бар.

Кытайлык инвесторлор тарабынан Кара-Балтада кубаттуулугу жылына 800 000 тонна болгон мунайды кайра иштетүүчү завод курулган. Токмоктогу кубаттуулугу 450 000 тонна болгон экинчи завод азыркы убакта курулуу баскычында турат.

- Бирок сырье менен көйгөйлөр барбы?

-Жакында Корея Республикасынын Улуттук мунай корпорациясынын төрагасы менен биз Кара-Балта жана Токмок МКЗларын сырье менен жүктөө маселесин талкууладык. Кореянын делегациясы биргелешкен ишке чоң кызыкчылыгын билдирди. Бардык кызыкдар болгон тараптар үчүн МКЗны сырье менен жүктөө боюнча абдан ыңгайлуу жана пайдалуу чечим табуу зарыл. Бул маселеде мамлекет тарабынан ар тараптуу жардам көрсөтүлөт. Айрыкча азыр, бизге рыноктогу КММнын кымбаттаганы сезилип жатканда, биз үчүн эки МКЗнын ишке киргизилиши өзгөчө актуалдуу.

- “Кыргызстан-Кытай” газ куурунун курулушун Кыргызстандын тарыхындагы ири инвестициялык долбоорлордун бири деп атап жүрүшөт. Аны ишке ашыруу качан башталат жана Кыргызстан кандай артыкчылыктарга ээ болот?

- Бул долбоор 2013-жылдын сентябрында КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик визитинин алкагында кол коюлган эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы Келишимге ылайык ишке ашырылат. Бирок анын ишке ашырылышына 1,5 млрд.$ жакын каражат талап кылынат. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, газ кууру пайдаланууга берилген мезгилде 35 жылдын ичинде Кыргызстан газдын транзити үчүн 2 млрд. $дан ашык алат. КР Экономика министрлиги менен компаниянын ортосунда кызматташуу тууралуу Меморандумга кол коюлган, ага ылайык Экономика министрлиги доллбоорду ишке ашырууга ар кандай көмөк көрсөтөт жана инвесторлордун укуктарын коргойт.

- Бардык деңгээлдерде биздеги мыйзамдардын либералдуулугу жана өзүнө тартуучулугу жөнүндө пикирлер айтылып жүрөт, бирок алардын аткарылышын «анчалык жакшы деп айтууга болбойт». Инвестицияларды коргоого келгенде, бул жерде жагдай андан да начар. Бул мыйзамдар эми качан иштеп баштайт?

- Чындыгында, инвесторлор өздөрүнүн каражаттарынын кайтарымдуу болушуна кызыкдар. Биз жеке менчикке карата кылмыштар жасалган учурлар болгонун мойнубузга алабыз, объектилерди, техникаларды тартып алышкан, натыйжада Кыргызстандын имиджине доо кеткен. Мындай бузуулар менен күрөшүүнүн жалгыз жолу - мыйзамдуулукту жана укук тартибин орнотуу. Көзөмөлдөө жана укук коргоо органдары, Башкы прокуратура мыйзамдарды бузгандардын жана жеке менчикти тартып алгандардын бардыгын эч нерсеге карабай жазалоого тийиш.

Жеке инвесторлор социалдык объектилерди, жолдорду, суу менен камсыз кылуу объектилерин курууга тийиш эмес экендигин элге түшүндүрүү керек. Бул мамлекеттин милдети. Узак мөөнөттүү долбоорлорду жүзөгө ашырууга мамлекет насыяларды алып, аларды социалдык объектилерге инвестицияласа болот.

Чындыгында, бир дагы инвестор тынчтык жок өлкөгө инвестицияларды салбайт. Канчалаган жакшы стратегиялар менен мыйзамдарды жазбайлы, инвестор үчүн башкы шарт – бул коопсуздуктун кепилдениши. Эгер бул жерде бизнес пайда алуу менен жүргүзүлсө, анда инвесторлор бизге келишет.

- Өкмөт инвесторлордун укуктарын кантип коргой алат?

- Инвесторлорго алардын абалын начарланткан ченемдик актылар кабыл алынган учурда белгилүү укуктук режимди стабилдештирүүгө укугун пайдаланууга мүмкүндүк берилет. Өкмөт мыйзамдарды жакшыртуу, коррупциялык элементтерди жок кылуу, инфраструктураны өнүктүрүү жана адам ресурстарынын сапатын жогорулатуу боюнча чараларды көрөт.

Биз чет өлкөлүк гана эмес, жергиликтүү инвесторлор үчүн да шарттарды түзүшүбүз керек. бул үчүн мыйзамдар иштөөгө тийиш, а биз бардыгыбыз ага баш ийишибиз керек.