Сереп / Изилдөөлөр /
Кыргыз Республикасынын тоо кен өнөр жайындагы чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча колдонмо

1 февраль 2018

Бул Колдонмо Кыргызстандагы тоо кен өнөр жайына байланыштуу чыгышы ыктымал чыр-чатактарды жөнгө салуу жагынан компанияларга, инвесторлорго жана жергиликтүү бийлик органдарына, ошондой эле эл аралык агенттиктерге көмөктөшүү үчүн жазылды.

2011-жылы тоо кен компаниялары менен жергиликтүү коомдоштуктар ортосунда чыр-чатактар көбөйгөндүгү белгилүү болду.

Ошондуктан 2012-жылы Борбордук Азиядагы Евразия Фонду (БАЕФ) Кыргызстандын тоолуу райондорундагы чыр-чатактардын себептерин түшүнүү үчүн изилдөө жүргүзүүнү чечти. Мындан тышкары, 2012-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тоо кен секторунун жөнгө салынышын жакшыртуу жана тоо кен тармагынан жабыркаган жергиликтүү коомдоштуктардын укуктарын коргоо максатында саясий жана укуктук реформаларды демилгеледи. Бул Колдонмо компаниялар менен ыктымал инвесторлорго тоо кен секторундагы чыр-чатактардын себептерин билип, келечекте жергиликтүү коомдоштуктар менен чырдашууларды болтурбоо жана азайтуу үчүн эмне кылуу керектиги боюнча нускамалар берилет. Колдонмо Кыргыз Республикасынын аракеттеги, атап айтканда, тоо кен секторунан жабыркаган жергиликтүү коомдоштуктардын укуктарын коргоого багытталган мыйзамдарына ылайык компаниялардын юридикалык милдеттенмелери боюнча таяныч катары да пайдаланылышы мүмкүн.

Бул Колдонмонун экинчи бөлүмүндө 2010-2015-жылда аралыгында пайдалуу казылмаларды алууга байланышкан чыр-чатактардын негизги себептери чечмеленет. Мында жергиликтүү коомдоштуктар менен тоо кен компанияларынын ортосундагы чыр-чатактар болгон алты райондо (Талас, Жумгал, Чаткал, Ала-Бука, Чоң-Алай жана Кадамжай райондорунда) 2012-жылы жүргүзүлгөн баштапкы изилдөөлөрдүн натыйжалары келтирилди.

Үчүнчү бөлүмдө Кыргызстанда иштеп жаткан тоо кен компаниялары үчүн жергиликтүү коомдоштуктар менен чырдашып калбаш үчүн кандай чараларды көрүү керектиги боюнча практикалык

нускамалар келтирилген. Нускамалар бардык тараптар (борбордук бийлик жана жергиликтүү өз

алдынча башкаруу, тоо кен компаниялары жана жергиликтүү коомдоштуктар) менен жүргүзүлгөн

изилдөөлөргө, кеп-кеңештерге негизделген жана Кыргызстандагы саясатты, укуктук реформаларды

ар кандайча чагылдырат. Алар компаниялар менен коомдоштуктардын чатагы болтурулбаган же

туура чечилген айрым жерлердин алгылыктуу тажрыйбасына, мисалдарына да негизделди.

Төртүнчү бөлүмдө Кыргыз Республикасынын Энергетика, өнөр жай жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик комитети жергиликтүү бийлик органдары, тоо кен компаниялары жана

сүрөөнчүлөр менен биргеликте жүргүзүп жаткан реформаларга сереп жасалат. Булардын катарында тоо кен иштеринен жабыркаган жергиликтүү коомдоштуктардын укугун коргоо багытындагы

мыйзамдар менен эрежелердин кабыл алынышын, тоо кен өнөр жайы жөнүндө, анын иштешинин

экологияга таасири жөнүндө жергиликтүү калктын маалыматтуулугун арттыруу боюнча демилгелерди айтууга болот.

«Investor's Guidebook_kyrgyz.pdf» жүктөп алуу

Скачать файл «Investor's Guidebook_russian.pdf»

Download «Investor's Guidebook_english.pdf»