Жаңылыктар / ЭИК жаңылыктары /
Эл аралык ишкерлер кеңеши алтын рудаларын экспорттоого бажы алымдарын киргизүү тоо-кен өндүрүшүндөгү абалды начарлатат, деп эсептейт

Баракелде
24 декабрь 2014

Баракелде - РУДА Алтын рудаларын экспорттоого карата бажы алымдарын киргизүү Кыргызстандын тоо-кен өндүрүш тармагындагы абалын начарлатат. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда АКИpress агенттигиндеги маалымат жыйында Эл аралык ишкерлер кеңешинин (ЭИК) аткаруучу жетекчиси Актилек Түнгатаров билдирди.

Ал Кыргызстанда алтын бөлүүчү ишкана куруу өлкө экологиясына зыян келтире тургандыгын белгиледи. «Экинчиден Кыргызстанда бүгүн мындай алтын рудаларын жана концентраттарын бөлүп алуучу ишкана курууга даяр болгон ишкана жок. Биз Кыргызстандагы капиталдын агымын көрүп турабыз. Бизде Кумтөрдөн башка ири ишкана жок. Дүйнөдө туруктуулук болбой калды жана бул өлкөгө, инвесторлордун Кыргызстанга инвестиция салуу чечимине таасир берет», - деди ал.

ЭИКтин аткаруучу жетекчисинин орун басары Аскар Садыков 2 жыл мурда алтын рудаларын чыгарып кетүүгө карата бажы алымдарын киргизүүнү бекитүү боюнча демилге көтөрүлгөндүгүн эскертти. Анда бизнес-коомчулук аталган демилгеге каршы чыккан.

«Инвестициялык кеңеш бул маселе үчүн башка чечим табууну сунуштаган. Экономика министрлиги долбоорду иштеп чыгып, парламентке долбоордун токтомун алып кирген. 2014-жылдын мартында долбоор артка кайтарылган. Бир жыл болбой жатып Жогорку Кеңештин депутаттары, дагы жогору бажы коюмдарын — 2015-жылы 15%дан 2017-жылы 30%га чейин бекитүү менен кайрадан мыйзамдын долбоорун көтөрүп жатышат», - деди ал.

Кыргыз Тоо-кен ассоциациясынын башкармалыгынын мүчөсү Валентин Богдецкий бул маселе бир нече жолу көтөрүлгөндүгүн белгиледи.

«Рудаларды чыгарып кетүү практикасы менен репрессивдүү чаралар жардамы менен күрөшпөш керек. Стимулдаштырган механизмдерди пайдалануу зарыл. Маселен өлкөдөгү руда иштетүүчү ишканаларга жеңилдиктерди берүү, капиталды реинвестициялоону кеңейтүүгө болот», - деди В.Богдецкий.

URL: http://www.barakelde.org/news:87562/.