Жаңылыктар / ЭИК жаңылыктары /
Чакан жана орто ишканалар – ЕРѲБдүн Кыргыз Республикасы үчүн кабыл алган жаңы стратегиясынын маанилүү багыттарынын бири

3 апрель 2015

Европа реконструкция жана ѳнүктүрүү банкынын акционерлери ЕРѲБдүн ѳлкѳдѳгү ишмердүүлүгүнүн жаңы маанилүү багыттарын бектишти: чек араларды ашкан байланыштар, чакан жана орто ишканалардын атаандаштык дараметин ѳнүктүрүү жана жогорулатуу, коммуналдык ишканалардын туруктуу иштѳѳсүн камсыздоо.

------------

Европа реконструкция жана ѳнүктүрүү банкынын (ЕРѲБ) мүдүрлѳр кеңеши, банктын Кыргыз Республикасына инвестицияларды бѳлүү жана ѳлкѳдѳгү мамлекеттик ведомстволор менен иш алып баруу жаатында алдыдагы тѳрт жылдын ичинде ишке ашырыла турган жаңы стратегияны бекитти.

Аталган стратегияда ѳлкѳ ичиндеги ишмердүүлүктүн тѳмѳндѳгү маанилүү багыттары аныкталды:

• Аймактык чек араларды ашкан байланыштарды бекемдѳѳ: Банк аймактагы башка мамлекеттер менен соода жана экономикалык кызматташтыкты ѳнүктүрүү жана алар менен интеграциялашуу жараяндарына кѳмѳк кѳрсѳтѳт.

• Чакан жана орто ишканаларга атаандаштыкы ѳнүктүрүү жана бекемдѳѳ жаатында мүмкүнчүлүктѳрдү түзүү: Банк чакан жана орто ишканалардын, алардын ичинен инвестицияларды бѳлүү жана кеңеш берүү кызматтарынын жардамы менен келечекте орто ишканаларга айлана турган чакан бизнестин туруктуу ѳнүгүүсүнѳ кѳмѳктѳшѳт. Банк, чакан жана орто ишканалардын каржы булактарына, ѳзгѳчѳ улуттук валютадагы булактарга ээ болуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет жана энергетикалык эффективдүүлүктү арттыруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн атайын насыя лииняларын камсыздайт.

• Коомуналдык кызмат ишканаларынын туруктуулугун аларды коммерциялык негизге ѳткѳрүү жана жеке бизнес секторунун катышуусун камсыздоо аркылуу ѳркүндѳтүү. Банк муниципалдык ишканаларга ѳзүнүн таанымал эксперттик кызматтарын жана жардам берүү моделдерин сунуштайт, ошону менен бирге эле жеке бизнес секторун катышуусун жана активдердин заманбап шарттарга ылайыкташтыруусуна шарт түзѳт.

Ушуну менен бирге эле ЕРѲБ аймактык теңсиздикти азайтуу, гендердик теңдүүлүк жаатындагы маселелерди жокко чыгаруу жана жаштардын мамлекеттин бардык секторлоруна интеграциялашуусу тармактарында иш алып барат.

Кыргыз Республикасы үчүн мындан муруңку стратегия 2011-жылдын сентябрында кабыл алынган. Ошол убакыттан бери ЕРѲБ ѳлкѳнүн экономикасына берген жардамдын кѳлѳмүн арттырып, жалпы саны 56 болгон долбоорлого 207 млн.евро бѳлүп берген. Банк, айыл чарба, ѳндүрүш, соода, туризм жана камсыздоо секторлорунун чакан жана орто ишканаларына инвестиция бѳлүп, техникалык жардам кѳрсѳттү. Ошондой эле банктар жана микрофинансылык мекемелерге алардын дараметин бекемдѳѳгѳ жардам берди. Ѳлкѳ инфраструктурасынын абдан маанилүү объектилерин модернизациялоого жана ѳлкѳнүн бардык аймактарындагы негизги кызматтарды кѳрсѳтүү системасын ѳнүктүрүүгѳ ѳз салымын кошту.

Банк, Кыргыз Республикасынын аймагында 1992-жылдан иштеп баштаган күндѳн тартып, ѳлкѳ экономикасына жалпысынан 570 млн. евро ѳлчѳмүндѳгү инвестицияларды иш жүзүнѳ ашырды. Банктын республиканын аймагындагы учурдагы инвестицияларынын дээрлик тѳрттѳн үч бѳлүгү коопсуз, таза энергияны ѳндүрүү же болбосо коммерциялык ишканалардын, жана ошондой эле үй чарбаларынын энергетикалык эффективдүүлүгүн арттыруу аркылуу туруктуу энергетика секторун ѳнүктүрүүгѳ багытталган.

###

Банктын акционерлери болуп дүйнѳнүн 64 ѳлкѳсү жана 2 ѳкмѳттѳр аралык уюму эсептелинет. Банк базар экономикасынын жана демократиянын ѳнүгүүсүн колдой. Биздин ишмердүүлүгүбүз тууралуу маалыматты веб-сайттан, Facebook жана Twitterден ала аласыз.