Жаңылыктар / Мыйзам чыгаруу жаңылыктары /
Премьер-министр Ж. Оторбаев: «Салык отчетторунун жана ишкерлер жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн төлөмдөрдүн саны 4 эсеге кыскартылат»

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү
16 октябрь 2014

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-октябрдагы “Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” № 602-Токтомуна кол койду.

Мыйзам долбоору аркылуу кичи жана орто бизнес жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн ар ай сайын берилүүчү учурдагы салык отчеттуулугунун мезгилдик аралыгын квартал сайын отчет берүү жана кичи бизнес жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн ай сайын төлөнүүчү салыкты квартал сайын төлөп туруу негизине которуу сунушталууда.

Сунушталган түзөтүүлөргө ылайык, салык отчетторунун жана ишкерлер жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн төлөмдөрдүн саны 4 эсеге кыскартылат.

Ошондой эле Салык кодексине кичи жана орто бизнестин так аныктамалары киргизилет. Кичи бизнес субьектилери катары жылына жүгүртүү көлөмү 4 млн сомго дейре ишкерлер киргизилсе, орто бизнес субьектилеринин катарына жылына 4 -30 млн сомго дейре жүгүртүү көлөмүнө ээ ишкерлер кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтарына ылайык, өлкөдө кичи жана орто бизнес салык төлөөчүлөрүнүн жалпы саны 363 701 бирдикке барабар.

Учурда Кыргыз Республикасындагы салык отчеттуулугунун жана салык төлөмдөрүнүн мезгилдик аралыгынын жыштыгы салык төлөөчүлөрдүн административдик жүгүн оорлотуп, отчеттуулук берүүгө көптөгөн ресурстарды талап кылып, Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун баалоо боюнча эл аралык рейтингинин көрсөткүчүн бир топ төмөндөтүүдө.

Кабыл алынган Токтом боюнча өз пикирин билдирүүдө, Премьер-министр Ж. Оторбаев төмөнкүнү билдирди: «Өкмөт ишкерлер үчүн шартты жакшыртуу боюнча чечкиндүү чараларды кабыл алууну улантат».

Мыйзам долбоорун даярдоодо эл аралык тажрыйба, анын ичинде казакстандын тажрыйбасы эске алынды, ага ылайык, көптөгөн мамлекеттерде кичи жана орто бизнес жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн отчеттуулук жана салык төлөөнүн мезгилдик аралыгы кварталдык негизде жүргүзүлөт.

Мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча 2013-жылдын 18-декабрындагы кеңеш чечимин аткаруу иретинде Эл аралык финансы корпорациясынын Борбор Азиядагы салык салуу маселелери боюнча долбоорунун колдоосунда даярдалган.

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган учурда сунушталган түзөтүүлөр 2015-жылдын 1-январынан тарта күчүнө киргизилет.