Жаңылыктар / Мыйзам чыгаруу жаңылыктары /
Социалдык төлөмдөрдү чогултуу жана башкаруу Социалдык фонддон Мамлекеттик салык кызматына берилет

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү
10 октябрь 2014

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” № 589 -Токтомуна кол койду. “Мамлекеттик социалдык камсыздоо жөнүндө” мыйзамына жана башка нормативдик актыларга сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, Өкмөт камсыздоо төлөмдөрүн чогултуу жана башкаруу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органды өз алдынча аныктайт. Учурда бул милдетти Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду аткарат.

Мыйзам долбоору Социалдык фонддон Мамлекеттик салык кызматына камсыздоо төлөмдөрүн башкаруу функциясын өткөрүү боюнча укуктук нормаларды орнотууга багытталган. МСК жана Социалдык фонд тарабынан ишкерлерден төлөмдөрдү чогултуу боюнча функциялардын кайталанышын жоюу жана салык отчетттуулугун социалдык төлөмдөр боюнча отчеттуулук менен бир түргө келтирүү төмөнкү натыйжаларга жетишүүгө мүмкүндүк берет:

ишкерлердин жана жарандардын отчет даярдоо жана тапшырууга кеткен чыгымын кыскартуу жана текшерүүлөрдүн санын азайтуу;

чогултуу жана башкаруунун кайталанма функцияларына кетчү мамлекеттик чыгымдардын кыскартылышы, анын бир мамлекеттик орган аркылуу аткарылышы;

төлөөчүлөр эсебинин жакшыртылышы, бейформал сектордун кыскартылышы жана социалдык төлөмдүн чогултулушунун жогорулашы;

пенсиялардын жогорулатылышы жана мамлекеттик бюджеттин тартыштык шартында пенсиялык камсыздоого кошумча кетчү каржылоонун кыскартылышы;

Бир ведомстводо коомдук финансылык ресурстарды чогултуу жана бөлүштүрүү боюнча функцияны топтолушун жоюу эсебинен Социалдык фонддун бюджетин уюштурууда жана анын чыгымдалган каражаттарынын айкындуулугун жогорулатуу;

Социалдык фонд бюджетинин киреше бөлүгүн уюштуруу көрсөткүчтөрүнүн аныктыгын жакшыртуу жана салык төлөөчүнүн жеке эсептеринде иш жүзүндө төлөнгөн камсыздоо төлөмдөрүнүн толук көрсөтүлүшү.

Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр эл аралык тажрыйбаны эске алат, ага ылайык, дүйнөдөгү көптөгөн өлкөлөрдө социалдык төлөмдөрдү чогултуу жана башкарууну салык органдары ишке ашырат.

Жарандарды пенсиялык жана социалдык камсыздоого байланышкан тобокелдиктерди кыскартуу үчүн айрым райондордо алгач пилоттук долбоорлорду өткөрүү сунушталууда.

Социалдык төлөмдөрдү башкаруу тутумун реформалоо бизнес-чөйрөнү жана калкты социалдык жактан коргоону жакшыртууга багытталган мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири болуп саналат. Социалдык төлөмдөрдү башкарууну жакшыртуу жана бул милдетти КР Өкмөтүнө караштуу МСК өткөрүү жөнүндө чечим бизнес-коомчулук тараптан түшкөн көптөгөн кайрылуулардын, анын ичинде Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңеш жыйындарында айтылган сунуш-пикирлердин негизинде жана кеңири коомдук талкуудан өткөн соң кабыл алынган.