Жаңылыктар / ЭИК Мүчөлөрдүн Жаңылыктары /
IFC жана ГЭТИ кайра байланыштын автоматташтырылган тиркемесин расмий түрдө ишке киргизди

28 декабрь 2015

2015-жылдын 17-декабрында Кыргыз Республикасында инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча эл аралык финансылык корпорация (IFC) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция (мындан ары – ГЭТИ) веб-сайттын базасында кайра байланыштын автоматташтырылган тиркемесин расмий түрдө ишке киргизди, ал ишкерлерден кайра байланышты алууга жана иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. КР Экономика министрлиги ГЭТИнин кайра байланыш механизмин киргизүү боюнча демилгесин колдоду.

Ишкерлер учурдагы маалыматтык каналдарга жана кайра байланыш механизмдерине ишенишпейт. Анын себеби болуп ишкерлердин кайрылууларын берүүнүн такыр өздөштүрүлбөгөн жана эскирген жол-жобосу, ошондой эле кайрылуулар дарегине чейин жетип, каралып жана ал боюнча тиешелүү чаралар көрүлө тургандыгына ишенимдин жокко эсе экендиги саналат.

Кайра байланыштын жаңы механизми жогоруда аталып кеткен бардык проблемалар чечиле тургандай кылып иштелип чыкты. Текшерүү учурунда инспектор тарабынан алынган ишкерлердин электрондук даректери www.proverka.kg маалыматтык порталында текшерүүлөрдүн жыйынтыктары менен бирге программага киргизилет. Программа кыска сурамжылоого катышуу өтүнүчү менен ишкердин электрондук дарегине чакыруу жөнөтөт.

Кайра байланыш механизминин иштөө процесси

Чакыруу катында сурамжылоого линк, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экономика министринин жана ГЭТИнин директорунун түздөн-түз кайрылуусу болот. Ишкерге жөнөтүлүүчү ар бир линк кайталангыс болот. Сурамжылоонун жыйынтыктары www.proverka.kg порталында графикалык маалыматтар түрүндө автоматтык түрдө генерацияланат.

Кайра байланыш механизми аркылуу алынган кайрылууларды кароо процесси

ГЭТИ өзүнүн www.geti.gov.kg веб-сайтына маалыматтарды жана сурамжылоонун жыйынтыктарын квартал сайын жайгаштырып турат. Бул маалымат КР Экономика министрлигинин http://mineconom.gov.kg/index.php?lang=ru веб-сайтына да жайгаштырылат.

2016-жылдын январынан тартып кайра байланыш кызмат көрсөтүүсүн ГЭТИнин жана Экономика министрлигинин http://proverka.kg/gko/anketa/2 веб-сайттары аркылуу да колдонсо болот. Кайра байланыштын жаңы механизми ГЭТИге менчик секторго анык диалогду түзүүгө, инспекциянын ишине баанын калыс берилишин алууга жана текшерүү жүргүзүү процессин жакшыртууга мүмкүндүк берет.