Жаңылыктар / ЭИК Мүчөлөрдүн Жаңылыктары /
Кыргызстанда FINCAнын 20 жылдыгы

30 апрель 2016

Кыргызстанда FINCAнын 20 жылдыгы

Быйыл Кыргызстанда FINCA өзүнүн 20 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Чейрек кылымдан аз убакыт ичинде микрофинансылык уюмдан ири коммерциялык банкка чейин өсүп, өлкөнүн бардык аймактарында кеңири каржылык кызматтарды көрсөтө алган филиалдар тармагын түзө алды. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда FINCA Банктын 72 кызмат көрсөтүүчү түйүндөрү бар. 115 миңден ашык кардар FINCA Банкты өзүнүн каржылык өнөктөшү катары тандап алышкан.

FINCAнын Кыргызстандагы 20 жылдык мааракесине карата жакында жогорку жетекчилик: FINCA Internationalдин Президенти жана FINCA Микрофинансы Холдингинин Со-Директору Руперт Скоффилд, FINCA Микрофинансы Холдингинин Со-Директору Андреа Симон жана FINCA Евразиянын Региондук Директору Джефф Флауэрстер келишти.

FINCAнын жетекчилиги ММК өкүлдөрү менен болгон жолугушууда FINCAнын 20 жыл ичиндеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жана FINCA Банктын алдыдагы иш-пландары туурасында ой бөлүшүштү.

Руперт Скоффилд белгилегендей, FINCA Кыргызстанда 1995-жылы азыраак кирешеси бар ишкерлерди каржылоо программасы катары негизделген.

“90-жылдардын ортосунда биз Кыргызстандын каржылык рыногуна кирген кезде башка микрокаржылык уюмдардын катарында эле болчубуз. Жигердүү иш-аракеттердин натыйжасында ийгиликтерге жетише алдык. Экономиканын өнүгүшү жана өздөрүнүн жеке иштерин ачып, иштетип кете алган миңдеген кардарларыбыздын тарыхы буга күбө. Учурда FINCA Банк ири шаарлар менен катар эле алыскы айылдарда дагы бизнестин өнүгүүсү үчүн аракет кылып жатат. Тынымсыз эмгектенүү менен өзүнүн ишин, бизнесин гүлдөтүү аракетинде жүргөн адамдарга жардам берүү – ар дайым биздин миссиябыз болуп келген”,-дейт Руперт Скоффилд.

Ошондой эле, Руперт Скоффилд банктын натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылгандары үчүн FINCA Банктын Кыргызстандагы командасына ыраазычылык билдирди.

“Мен FINCA Банктын командасына ыраазымын, анткени алар таң каларлык иш жасашты. Өлкөдөгү социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү терең түшүнүү менен биз келечекке оң көз караш менен карап, кардарлар менен болгон мамилелерибиздин ишенимдүү жана узак убакыттарга созулушун каалайбыз. Биз эң мыкты банк тажрыйбаларын Кыргызстанга алып келебиз”, - дейт ал өз сөзүндө.

FINCA Микрофинансы Холдингинин Со-Директору Андреа Симон банктагы жогорку технологиялык башкарууну ишке ашыруу зарылдыгына токтолду.

Анын айтуусунда банктык технологияларды колдоонун актуалдуулугу жабдыктарды жаңылоо жана инновациялык негизде жайгаштырууда.

“Кыргызстандагы FINCA Банктын биздин тармактарда күндүн жарык шооласы сыяктуу орду бар. Бул анын иш процессин алдыга жылдыруу менен катар кардарлар менен алаканы ар дайым жакшыртууга болгон тынымсыз аракеттеринин натыйжасы. Банктык система динамикалык түрдө өзгөрүүдө жана заман талабына ылайык FINCA заманбап технологияларды колдонууда алдыңкы катарда турат”,- деп билдирди Андреа Симон.

Регионалдык Директор FINCA Евразия Джефф Флауэрс Кыргызстанда мирокаржылоону өнүктүрүүгө мүмкүндүк түзгөн, Эл аралык каржылык корпорациясы (IFC), Эл аралык өнүктүрүү боюнча АКШ Агенттиги (USAID), Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы (ЕБРР), Германия өнүктүрүү банкы ( KFW), Триодос банк (Triodos), Triple Jump сыяктуу акционерлерге жана кредиторлорго ыраазычылык билдирди.

“Биз инвесторлор жана акционерлер менен туруктуу өнөктөштүк мамиледебиз. Келечекте да үзүрлүү кызматташтык уланарына ишенебиз”, - дейт ал журналисттердин “каржы кризис шартында инвестицияларды тартуу кыйынчылык туудуруудабы” деген суроосуна.

2015-жылы FINCA Кыргызстанда кайра түзүлүп, банк катары лицензия алды. FINCA Банктын кардарларынын талаптарын канааттандыруу үчүн кеңири заманбап банктык кызматтардын түзүмү түзүлдү.

Профессионалдуулук, жоопкерчиликтүүлүк жана ишке ак дилден мамиле кылуу – заманбап банк кызматкеринин жүзү экендигин белгилөө менен ”Биз негизги үч багытта: филиалдык тармактарды кеңейтүү менен ишти чыңдоо жана инфратүзүмдөрдү өнүктүрүү, кардарлардын керектөөсүнө ылайык каржылык түзүмдөрдү бекемдөө жана кадрдык потенциалды өнүктүрүү багытында иш жүргүзүүнү максат кылуудабыз”,- деди жыйынтыгында FINCA Банк Башкармасынын Төрайымы Маргарита Черикбаева.

Маргарита Черикбаева ошондой эле, бүгүнкү күндө кичи жана орто бизнести каржылоо темпин түшүрбөй кармоо абдан маанилүү экендигин жана каржылык сабаттуулукту бекемдөө менен банктын социалдык жоопкерчилигин, ишенимдүүлүгүн дагы көтөрүү керектигине токтолду. Төрайым билдиргендей, каржылык сабаттуулук боюнча программа 2012-жылы киргизилип, акыркы 4 жылда жакшы жетишкендиктерге жетти. Бул демилге кардарлардын социалдык өсүүсү үчүн туруктуу платформа катары кызмат көрсөтүп келет.

Мындан тышкары FINCA Банк өлкөдөгү социалдык жоопкерчилик тажрыйбасын колдоо максатында ар кандай коомдук маанидеги иш-чараларды өткөрүп турат. Банк мектепке чейинки мекемелерге, мектептерге, жогорку окуу жайларына жергиликтүү коомчулукка жардам көрсөтүп, улуу мундагыларга кам көрөт. FINCA Банк өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүдөгү өзүнүн миссиясын жана стратегиясын ишке ашырууга багытталган долбоорлорду колдойт.

“Бүгүн биз FINCAнын Кыргызстанда иштеп баштагандыгынын 20 жылдык мааракесине карата чогулдук. Алгач анча чоң эмес компания катары иш баштап, эми болсо 20 жылдан кийин кичинекей командадан биз ири банктардын катарына кошулган белгилүү бир кредиттик портфели бар банк катары өсүп чыктык. Ошондой эле FINCA Банк өлкөдөгү ири иш берүүчү катары 1142 адамды иш менен камсыз кылат. Алар өлкөнүн бардык тарабындагы биздин филиалдарда, сактык кассаларда эмгектенип жатышат”,- деп ийгиликтери менен бөлүштү Маргарита Черикбаева.

Жыйынтыгында чыгып сүйлөгөндөр FINCA Банктын Кыргызстанда тез өсүп жаткан банктык кызматтардын бардык талаптарга жооп берген универсал банк катары ишин улантуусуна бардык иш-аракеттерди жумшай беришерине бир ооздон токтолушту.

Маалымат үчүн:

FINCA компаниясынын штаб-квартирсы Вашингтон шаарында, Колумбия округунда жайгашкан, өзүнүн 23 туунду компаниясында дүйнө жүзү боюнча 1.8 миллиондон ашык кардарды тейлейт. Компания – микрофинансылык тармактардын ичинен рынокто эң кеңири жана ар тарапты камтыган компания болуп саналат.

www.finca.kg