Жаңылыктар / ЭИК Мүчөлөрдүн Жаңылыктары /
Компаньон Банкы айыл чарбаны өнүктүрүүгө өзүнүн салымын кошууну улантууда

30 сентябрь 2016

Компаньон Банкы 11-Алма фестивалын өткөрдү. Багбандар бул фестивалда бир жарым тонна алма сата алышты. Иш чара Баткен областынын Кадамжай районунун Кызыл Булак айылында 24 сентябрда өткөрүлдү. Фестивалдын негизги максаты- коомчулуктардын потенциалын чыңдоо үчүн айыл чарба продукцияларынын сатуучулары жана сатып алуучуларынын арасындагы базардык байланыштарды өнүктүрүү.

Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев өзүнүн ачылыш сөзүндө Кыргызстандын эконмикасынын приоритеттүү тармагынын бири болгон айыл чарбаны өнүктүрүү үчүн мындай иш чаралардын маанилүүлүгүн айрыкча белгилей кетти.

Быйыл фестиваль эл аралык масштабга ээ болду – иш чарага Өзбекстандын Фергана областынын акиминин орун басары Каморидин Имамов баш болгон делегация келди. Ошондой эле фестивалга Франциядан багбандар келишти. Алар бир нече бакчаларга жана алма сактагычтарга барышып, мөмө өстүрүүдө өздөрүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүштү жана жемиштүү бактарды кыйыштыруунун өзгөчө методдорун көрсөтүштү.

«Кыргызстандын коомчулуктарын өнүктүрүү жана колдоо – Компаньон Банкынын миссиясында көрсөтүлгөн стратегиялык максаты болуп эсептелет. Так ошондуктан биз айыл чарбаны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурабыз, өзүбүздүн агрономдорубуз жана ветеринарларыбыз бар, жана ушул сыяктуу иш чараларды уюштурабыз. Биз Алма фестивалын 2006-жылдан бери өлкөнүн ар кайсы региондоунда өткөрүп келе жатабыз жана бул жакшы салтты улантабыз», - деп Компаньон Банкынын башкармалыгынын төрагасы Уланбек Термечиков айта кетти.

Фестивалда кызыктуу концерттик программа, жарышмалар, жана алмадан жасалган тамактардын дегустациясы болуп өттү. Аны менен бирге айыл чарба продукцияларынын көргөзмө-жармаңкеси уюштурулду. Компаньон Банкынын агрономдору жана ветеринарлары бардык каалаган фермерлерге иш чаранын аягына чейин акысыз кеңештерин беришти.

Компаньон Банкы 12-Алма фестивалды кийинки жылдын сентябрь айында Баткен областынын Лейлек районунда өткөрөт.

БАНК ЖӨНҮНДӨ:

2004 жылы уюштурулган Компаньон, институционалдык өнүгүүнүн бардык этаптарын өткөн, жана азыркы убакта 6.5 млрд сом активдери жана 1 млрд 600 миң сом уставдык капиталы менен туруктуу банк болуп саналат. Уюштурулгандан бери Банк өзүнүн ишмердүүлүгүн Кыргызстандын рыногунда бир кыйла кеңейтти. 2016 жылдын 31 августтагы абалга жараша Компаньон Банкынын өлкө боюнча 107 бөлүмдөрү, 100 000 ге жакын кардарлары, 1000 ден көп кызматкерлери бар. Компаньон Банкы өзүнүн өнүктүрүү командасында 32 жогорку квалификациялуу агроному жана ветеринары болгон Кыргызстандагы жалгыз банк болуп саналат.