Жаңылыктар / ЭИК Мүчөлөрдүн Жаңылыктары /
Компаньон Банкы– эл аралык «Хан Манас» турниринин туруктуу өнөктөшү

17 ноябрь 2016

Компаньон Банкы– эл аралык «Хан Манас» турниринин туруктуу өнөктөшү

Компаньон Банкы жетинчи жыл катары менен жаштар арасындагы дзюдо боюнча «Хан Манас» эл аралык турнирин колдоп келе жатат. Турнир 2010 жылдан бери кошуна өлкөлөрдүн командаларынын катышуусу менен өткөрүлөт жана бүгүнкү күндө Борбордук Азиядагы эң маанилүү спорт иш чараларынын бири болуп саналат. Турнирдин негизги идеясы – бул жаш муундарга идеялогиялык тарбия берүү жана аларда туура баалуулуктардын көрсөткүчтөрүн калыптандыруу.

«Биз «Хан Манас» турнирин дагы бир жолу колдоп жаткандыгыбыз үчүн кубанычтабыз, анткени мындай иш чараларды өткөрүү ден соолукту чыңдоону популяризациялоого, ар кайсы өлкөлөрдүн спортчуларынын арасындагы достук мамилелерди бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берет», - деп Банк Башкармалыгынын Төрагасы Уланбек Термечиков белгилей кетти.

VII эл аралык «Хан Манас» турнири 3 жана 4 декабрда Бишкекте өткөрүлөт жана Кыргызстандын, Казахстандын, Өзбекстандын, Ирандын жана башка өлкөлөрдүн титулдуу дзюдоисттерин чогултат.

Бул иш чара «Кыргыз Эл» Коомдук уюму менен КР Өкмөтүнүн алдындагы жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги жана КР дзюдо боюнча Улуттук федерациясы тарабынан уюштурулуп жатат.