Жаңылыктар / ЭИК Мүчөлөрдүн Жаңылыктары /
FINCA Банк Базар-Коргондогу “Үй-бүлөлүк медицина борборуна” жардам көрсөттү.

11 декабрь 2016

FINCA Банк корпоративдик социалдык жоопкерчиликтин алкагында медициналык мекемеге жардам көрсөтүү менен дагы бир долбоорун ишке ашырды.

FINCA Банктын Базар-Коргондогу филиалы “Үй-бүлөлүк медицина борборуна” оңдоо иштерин жүргүзүү демилгесин көтөрүп, аны иш жүзүнө ашырды. Базар-Коргондогу “Үй-бүлөлүк медицина борборунун” кызматкерлеринин алдында көп убактан бери таза суу менен камсыздоо көйгөйү турган. Медициналык мекеменин кызматкерлери өз күчтөрү менен таза сууну жакын жайгашкан мектептен алып келишип, колдонулган сууну өздөрү алып чыгышчу.

FINCA Банктын колдоосу менен борбордун имаратын таза суу менен камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлдү: суу сактоочу резервуар курулду, процедуралык бөлмө ысык суу жана муздак суу менен камсыз кылынды, электрдик насос жана суу ысыткыч орнотулду, суу түтүктөрү коюлду.

Бүткөрүлгөн ишти салтанаттуу тапшыруу аземине райондук администрациянын өкүлдөрү, Үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлери жана жергиликтүү калк катышты.

“Көп убактан бери биринчи жолу биз үчүн ыңгайлуу шарт түзүлдү. Биздин коллектив муну көптөн күткөнбүз жана берилген жардам үчүн абдан кубанычтабыз. Бул борбордо райондун бардык калкына жардам көрсөтүлөт”,- деп “Үй-бүлөлүк медицина борборунун” кызматкерлери кубанычтарын тең бөлүштү.

FINCA Банктын долбоорлорунда корпоративдик жоопкерчиликтин өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл буруу менен, социалдык маанилүү акцияларды үзгүлтүксүз уюштуруп келээрин белгилеп кетүү керек.

FINCA Банктын социалдык долбоорлору тууралуу кененирээк маалымат www.FINCA.kg сайтында.