Жаңылыктар / ЭИК Мүчөлөрдүн Жаңылыктары /
ЭЛСОМдун жаңы досу пайда болду!

22 декабрь 2017

«ФИНКА Банк» ЖАК жана KICB ЖАК банктар ортосундагы достуктун жагымдуу үлгүсүн көрсөтүштү. Өздөрүнүн ресурсун кардарларынын бакубаттыгы үчүн бириктирип, эки банк тең уникалдуу ата мекендик продуктту – ЭЛСОМ электрондук капчыгын өнүктүрө баштайт.

Эки маанилүү секторду – банктык жана ITнин тыгыз интеграциясы – бул финансылык кызмат көрсөтүү дүйнөсүндөгү заманбап тренд. Мындай байланыш банктык продуктулук жолдордун көп түрдүүлүгүн жана туруктуу өсүшүн камсыздайт.

Мобилдик телефонду бир басуу менен эле бардык банктык кызматтарга мүмкүнчүлүк алуу – бул жакында эле фантастика сыяктуу сезилчи эле. Бүгүн бул реалдуулук. ЭЛСОМ – бул IT банк чөйрөсүнүн ортосундагы мындай мыкты айкалышты далилдеген көпүрө.

Электрондук капчыктын ыңгайлуу жана көп профилдүү функционалы, туруктуу бөлүмдөрү бар, пластик карталары жана банкоматы бар кадимки банкингдерди көп жагынан артында калтырды. Жаңы муундагы виртуалдык капчык бардык курактагы пайдалануучулар арасында эле популярдуу болуп калды., ал эми бул абдан маанилүү.

Пайдалануучуларынын саны 300 миңден ашып кеткен так ушул ЭЛСОМ эки ири финансылык мекеме - «ФИНКА Банк» ЖАК жана «Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банк» ЖАК үчүн бириктирүүчү аянт болуп калды.

FINCA Банк жана KICB стратегиялык сапаттагы кызматташуу багыты катары ЭЛСОМ электрондук капчыгын бирге жайылтууну сүйлөшүштү. Эки ЖАКтын акционерлери алардын банктары Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнө жарандарга инновациялык жана реалдуу талап кылынган банктык кызмат көрсөтүү менен көмөк көрсөтүүсүн каалашат. Алардын бири, албетте, ЭЛСОМ, анын жардамы менен Кыргызстандын банк бөлүмдөрү жок алыскы бурчтарда финансылык операциялар өткөрүлүүдө.

Мындай кызматташуудан кардарлар кандай пайда алат?

- Баарынан мурда бул агенттик тармактардын жана ЭЛСОМ пайдалануучулардын тейлөө түйүндөрү. Эми республика аймагында 100дөн ашык мындай пункт бар.

- Мындан ары KICB жана FINCA Банк кардарлары кредиттерди ЭЛСОМ каражаты аркылуу төлөй алышат.

- ЭЛСОМ бонустук программасынын өнөктөрүнүн айланасы олуттуу кеңейип, электрондук капчыкты пайдалануучуларга бир кыйла артыкчылыктарды берет жана көптөгөн кызыктуу акцияларды сунуштайт.

ЭЛСОМ артыкчылыгы:

- Бардык эсептешүүлөр онлайн режиминде ишке ашат.

- Капчык коммуналдык кызматтардын төлөмү, телефон балансын толтуруу, капчыктан капчыкка каражаттарды которуу, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу, мейманканаларда жана пансионаттарда номерлерди брондоо сыяктуу көптөгөн ыңгайлуу операцияларды ишке ашырууга мүмкүндүк берет.

- Бизнесмендер ЭЛСОМду эмгек акыны же сыйакыны төлөө үчүн пайдаланышат.

- Коммерциялык объектилердин администрациялары ЭЛСОМ аркылуу ижара акыларын топтойт.

- Каалаган учурда пайдалануучу электрондук капчыгындагы акчаны накталай алат.

Мындай инновациялык продуктуну түзүү олуттуу финансылык каражаттар салынды, ошондой эле жогорку квалификациядагы адистердин командасынын маңдай терин төккөн эмгеги сарпталды. Анын башкы максаты ЭЛСОМду пайдаланууну ыңгайлуу кылып берүү, ошол эле учурда толук коопсуздук системасын камсыздоо жана тиешелүү мыйзам актыларын сактоо болуп эсептелет. Электрондук капчыктын IT платформасы төлөм чечимдеринин дүйнөлүк алдыңкы провайдерлеринин бирин сунуштады. Бул дүйнөдөгү ийгиликтүү тестирленген система. Ал маалыматтын чыгышын толук жок кылат жана адамдык факторлордун кандайдыр бир таасирин жок кылат.

ЭЛСОМ дайыма жаңы дос-өнөктөрдүн болушун каалайт, анткени бул электрондук төлөмдөр рыногунун өнүгүшүнө түрткү берет жана пайдалануучуларга жеке бухгалтерия жүргүзүүсүн жеңилдетет. Алардын бири болуңуз жана бул системанын көп сандаган артыкчылыктарына ээ болуңуз.

ЭЛСОМ деген эмне?

Төлөмдөрдү тез жана коопсуз ишке ашырууга мүмкүндүк берген мобилдик капчыгыңыз! Убактыңызды үнөмдөңүз жана жашоонун баалуу учурларын өткөрүп жибербеңиз!

Кантип туташса болот?

Сиз каалаган сим картаңызды ЭЛСОМ мобилдик капчыгыңызга туташтырсаңыз болот. Капчыктын номери болуп телефон номери эсептелет, бирок мобилдик телефондун балансы капчыктын балансы менен байланышпайт.

Иш-аракеттердин ырааттуулугу:

- ЭЛСОМ же ФИНКА ЭЛСОМ тиркемесин Play Marketтен жүктөп алыңыз

- Андан ары тилдерди тандаңыз: Кыргыз, орус же англис

- Телефондун номерин киргизиңиз, ал капчыгыңыздын номери болуп калат

- Сизге кийинкидей маалыматтарды киргизүү сунушталат:

a) Аты

b) Фамилия

- Минимум 6 цифра же тамгадан турган сырбелги ойлоп табыңыз

- Жарыя оферта менен тааныштым деп белги коюңуз. Суралган маалыматтар жөнөтүлгөндөн кийин, маалыматтарыңыз ийгиликтүү өткөндөн кийин сиз катталасыз.

- Ийгиликтүү өтсөңүз, ЭЛСОМдо операцияларды өткөрүү үчүн Пин код менен бирге СМС тастыктоо аласыз. Алгачкы ПИН код бул 0000, аны өзүңүздүн 4 белгилүү ПИН-кодго алмаштыруу керек, аны сиз абдан бекем сакташыңыз керек.

Маанилүү! Элсом системасында катталуу бекер. Бирок мобилдик капчык менен өткөрүлгөн кээ бир операциялардан комиссия кармалышы мүмкүн.

Бардык жаралган маселелер боюнча, «ФИНКА Банк» ЖАК жана «КИКБ» ЖАК кеңселерине кайрылыңыздар.

www.finca.kg