Сереп / Макалалар /
Аскар Сыдыков: Инвестицияны тартуу үчүн Кыргызстан рейтингтердин башында болуусу керек

Инвестиции Сегодня
6 январь 2021

Бизнеске жагымдуу чөйрө керек, аны түзүү үчүн коомдук институттар негизги ролду ойнойт. Эл аралык ишкердик кеңеш – ишкер чөйрөнүн кызыкчылыктарын коргоп калууда жана туруктуу кармоодо мелдешсиз лидер. Муну менен бизнес-ассоциация Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсүнө эбегейсиз салым кошот. Азыркы абал, бизнес, инвестициялык климат, жаралып жаткан көйгөйлөрдүн себептери жөнүндө жаш, келечектүү жана кызыктуу инсан, Кембридж университетинин бүтүрүүчүсү, Эл аралык ишкердик кеңештин (ЭИК) аткаруучу директору Аскар Сыдыков менен аңгемелештик.

- Ушул жылы ЭИК 20 жылдык мааракесин белгилейт. Мен чын жүрөгүмдөн сизди жана Ассоциациянын мүчөлөрүн куттуктайм. Сиздерге мындан аркы ийгиликтерди жана чоң жетишкендиктерди каалайм. Сиз кандай ойлойсуз, ЭИК Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнө кандай салым кошо алды. Сиз кандай дейсиз, ЭИК канчалык деңгээлде өз максаттарын жана милдеттерин аткара алды?

- Каалоо-тилектериңиз үчүн чоң рахмат. Чынында бул орчундуу күн. Эгерде ушул жылдардын жыйынтыгын чыгарсак, анда ЭИК экономиканын тармактарынын өсүшүнө жана жалпы республиканын экономикасына эбегейсиз салымдарды кошту. Ар күнү ассоциациянын иши ЭИК мүчөлөрүнүн жана тармактарынын кызыкчылыктарын натыйжалуу кылууга гана багытталбастан, биринчи кезекте мамлекеттин жыргалчылыгы үчүн жасалып келди. Биз бардык түзүмдөр менен кызматташабыз: мамлекет, эл аралык уюмдар жана аккредиттелген дипломатиялык өкүлдөр менен. Бизнес-форумдарга катышабыз, биздин жана чет өлкөлүк ишкерлердин ортосунда өз алдынча көпүрө катары сөз сүйлөйбүз, инвестиция тартуу үчүн дайыма Кыргызстандын атынан пайдалуу жактарды айтабыз. ЭИК маалыматтык талаада бизнестин тиреги болуп калды – бул биздин күчтүү жагыбыз. Коомдук керектүү маселелерди чечүүнү кабыл алууда жана калктын кеңири катмарын тартып талкуулоодо идеяларыбыз, ойлорубуз менен эркин жана ачык бөлүшөбүз. Биз мамлекеттик-жеке диалогдо бардык негизги аянттарда: КР Президентинин алдындагы ишкердик жана өндүрүштү өнүктүрүү боюнча комитетте, КР Өкмөтүнүн алдындагы Инвестициялык кеңеште, Жогорку Кеңештин спикеринин алдындагы ишкерлик боюнча кеңеште таанылганбыз. Ассоциация мүчөлөрүнүн жана жалпысынан бизнес-коомчулуктардын кызыкчылыктарын коргоо боюнча айтсам, бизге берилген ишенимди толугу менен актап жатабыз. 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча биздин аракет ишкерлер үчүн 12 млн долларды экономдоп калууга жетишти. Бул каражаттар компаниянын өзүнүн өнүгүшүнө жана жалпысынан экономикага кетет. Үнөмдөлгөн суммалар мүчөлүк акыдан алынуучу ЭИКтин бюджетинен жүз эсе ашык экенин баса белгилегим келет.

- Дүйнөлүк коомчулукта ийгиликтүү интеграция үчүн биз кандайдыр бир талаптарга баш ийишибиз керек. Сиздердин ассоциацияда сырткы инвестициясы менен ири компаниялар бар. Биздин өлкөгө эл аралык стандарттарды, этикет жана бизнести жүргүзүү маданиятын алуу үчүн алардын практикасын колдоносуздарбы?

- Сиз туура баамдадыңыз, инвесторлорду тартуу менен ЭИК өз алдынча эл аралык стандарттарды бизнеске киргизүүдө жол көрсөтүүчү болуп баратат. Ири компанияларды бириктирүү менен дүйнөлүк бренддеги: Coca-Cola, PepsiCo, Hyatt Regency ж.б. биз түшүнөбүз, аларда ишкер этикасынын стандарты, бизнес жүргүзүү маданияты, ишкердин репутациясына болгон сылык мамиле бийик деңгээлде. Алардын ийгиликтүү тажрыйбаларын үйрөнүү үчүн мындай компаниялардын бизде иштөөсү абдан керек. Кыргызстан көптөгөн ЕАЭБ, ДСУ өңдүү интеграциялык долбоорлорго жана эл аралык демилгелерге катышат, биз жогорку эл аралык стандарттарга умтулуубуз керек. Айрым ата мекендик компаниялар «Global reporting initiative» отчет берүү формасына өтүштү, эми калгандары да акырындык менен умтула башташат. Өкмөттө биз дайыма мыйзамдарды, экологиялык талаптарды сактоо компаниянын өзүнүн деңгээлинен болот деп айтып келебиз. Эгерде жогорку деңгээлдеги компанияны кетирип алсак, анда алардын ордуна үчүнчү, төртүнчү баскычтагы бизнес түзүмдөр келет. Анда, катуу көзөмөлгө карабастан, мыйзамдардын бардык нормаларын сактоону камсыздай албайбыз. Андыктан, өз алдынча жана акыйкаттык менен аларды сактай тургандар менен иштешибиз керек. Бул үчүн натыйжалуу жана ачык мамлекеттик системаны түзүүбүз керек.

- Албетте, бизге алдыңкы компаниялардын ийгиликтүү практикасын үйрөнүүбүз керек. Бирок көйгөй да бар. Ири инвесторлор жумуш орундарын түзгөнүнө, салык төлөгөнүнө, жергиликтүү калктын инфраструктурасын өнүктүргөнүнө карабастан, мезгил мезгили менен инвестор менен жергиликтүү калктын ортосунда түшүнбөөчүлүктөр болуп жатат. Сиздин көз карашыңызда, бул эмнеден улам?

- Мамлекеттик органдар тарабынан түшүндүрүү иштеринин жетишсиздиги, элге өндүрүштүк, укук тук, экологиялык жана каржылык иштерди түшүндүрүү керек, алар инвестор эмне кылып жатканын, канча салык республикалык жана жергиликтүү бюджетке төгүп жатканын, алар кайда пайдаланып жатканын түшүндүрүп, экологиялык жана технологиялык коопсуздук боюнча түкшүмөл ойлорун таратуу керек. Отчетторду жөн эле сайттарга илип коюу жетишсиз, аларды түшүндүрүү керек. 2013-2017-жылдары мамлекеттик геология кызматы мындай иштерди жүргүзгөндө ири кагылышуулар болгон эмес. Андыктан бардык инвестициялык долбоорлору бар мамлекеттик түзүмдөр компаниялар менен биригип, дайыма түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү керек. Укук коргоо органдары жергиликтүү калк менен алдын алуу иштерин жүргүзүп, дайынсыз топтордун жана криминалдык түзүмдөрдүн инвестиция долбоорлоруна таасирин тийгизбеши үчүн бардык аракеттерин тороо керек. Мамлекет көбүнчө натыйжасыз кадрдык саясаттан улам жоготуп алган элдин ишенимин кайра кайтаруу үчүн бардык аракеттерди жасоосу керек. Өзүнө жоопкерчиликти алып, чечимдерди кабыл ала алган кесипкөйлөрдү жоопкерчиликтүү орундарга дайындоо кажет. Кошумча саясий упай топтоо үчүн шайлоолордун алдында саясий күчтөр башаламан абалды жаратышат.

- Демек, саясий маданиятты да киргизүү керек. Буга кандай карайсыз?

- Балким. Эртеби, кечпи бизге жакшы бышкан саясий маданият келет, а биз азыр татаал, бирок абдан керектүү саясий институттарды жана парламенттик демократияны түзүү аралыгында турабыз. Популизм боюнча айтсак, андан кутулуу мүмкүн эмес, ал өнүккөн өлкөлөрдө да жайылган, маселе мында – эл качан аны таанып, чын эле иштелип чыккан жана кесипкөй демилгелерден айырмалай алат.

- Кыргызстан митингдер менен революциялардын мекенине айланды. Белгилүү болгондой, инвестиция тынчтыкты сүйөт. Өлкөдөн сырткы инвесторлор “качып чыкпашы” үчүн ЭИК эмне кылууда?

- Чынында, саясий туруксуздук инвесторлор менен иштөө процессин татаалдантып жатат. Бизге дайыма эле аларды кармап калуу мүмкүн эмес, жакшы эмес жашоонун айынан алдыңкы компаниялар: Gold Fields, Santos International, Polyus Gold ж.б. кетип калышты. Биз бардык мыйзамдуу аракеттер менен бийликке жана коомчулукка мындай инвесторлордун укугун коргоо керектиги жөнүндө маалыматты жеткирүүгө аракет кылып келебиз. Анткени, биздин рыноктон белгилүү компаниялардын чыгып кетүүсү бардык инвестициялык дүйнөнү кооптондурат. Алар бири бири менен сүйлөшүп, кеңешип турушат, КР Өкмөтүнүн убадаларына караганда коллегаларынын сунуштары салмактуураак. Биздин шарттарда, кичинекей жана өнүгүп бараткан, деңизге жол жок өлкө катары инвестиция тартуу үчүн бизге бардык рейтингтердин башында болуу керек. Инвесторлордун жыргалчылыгы үчүн Бишкекте жашоо ыңгайлуу, бизде сервистин жогорку деңгээли бар, баары жакын жана салыштырмалуу баары арзан. Кээде бизге бийликтин “кызыктыра албай турган” чечимдеринен баш тартууга “көндүрөбүз”, укуктарды четтетүү дегендей болуп калат, ошондо инвесторлор калат. Эгер ал жарабаса, аларды тынчтандырып, саясатты ордуна коебуз, экономиканы колго алабыз, бардыгы убагы менен калыбына келет дей баштайбыз.

- Жогоруда сиз айттыңыз, сүйлөшүү үчүн негизги бардык аянттарда катышасыз жана инвесторлордун, бизнесмендердин укуктарын коргойсуз. Дайыма эле алар сизди угушабы? Түшүнүшөбү?

- Угушат жана көбүнчө түшүнүшөт, бирок ишке ашыруу үчүн саясий эрк, кесипкөйлөр командасы жана саясий абал керек. Мындай да болот, саясий эрк жок же ал жетишсиз же жайылтуу үчүн кесипкөй команда жетишпейт, андыктан, сиз билесизби акыркы жылдары канчалык кадрлар алсызданды, тигиниси да, мунусу да бар, бирок саясий абал күчтүүлүк кылды – бийлик алмашып жана Өкмөт жумуштан кетти.

- Мындай абалда жагымдуу инвестициялык климатты түзүү татаал болсо керек?

- Ооба, өтө кыйын. Чиновниктер ишке эми эле киришип, иш-чаралардын планын иштеп чыгышты эле, жумуштан кетишти. Бирок негизгиси, экономиканы өнүктүрүүгө саясий эрк керек.

- Жакшы мыйзамдар – коомдук капитал, ансыз өнүгүүгө болбойт. Сиз, жогорку квалификациялуу юрист, Кыргызстандын мыйзам базасына кандай баа бересиз?

- Жакшы мыйзамдык база бар. Албетте аны мыкты кылса болот, бирок аны аткара турган шарты менен толук иштеткенге мүмкүн.

- Эмне үчүн иштебейт?

- Баягы эле себептер: саясий эрк, команда жана саясий абал.

- Мыйзамдар Россиядан же батыш өлкөлөрүнөн көчүрүлөт деген пикирлер бар. Балким ушул себептир?

- Балким, анткени айрым мыйзамдар толук иштелип чыккан эмес же биздин абалга толук көнө албайт. Бирок бул негизгиси эмес. Жакшы команда жаман мыйзамдар менен деле иштей берет. Эгер алар өзгөртүү киргизебиз десе чечим чыгаруунун жолдорун табышат. Акыр аягында алар мыйзамга оңдоолорду киргизип, өзгөртүп, аягына чейин иштеп чыгып жана көндүрүп алса болот.

- Жакшы мыйзам базасы, кесипкөйлөр деле бар, эмнеге экономика артта? Маселенин баары командада элеби?

- Ооба, командада, реформаны башкарууда жана аны жайылтууда. Бардыгы өйдөдөн келет, эгер өлкөнүн лидери өзгөртүү киргизүүгө ниет кылса, саясий эрки жана түшүнүгү болсо ...

- Кечиресиз, түшүнүксүз да болобу?

- Мындай да болот. Дүйнөлүк экономиканын тенденциясын түшүнүп, каржы системасы кандай иштеп жатат, инвестиция маселелерин билүүсү кажет. Биздин чиновниктер жөнөкөй эле чет тилдерин билбейт. Албетте, котормочунун кызматын пайдаланса болот, бирок инвесторлор менен бир тилде сүйлөшө албаса, анда анын логикасын, күтүүсүн жана үмүтүн түшүнбөйт. Андан сырткары, англисче билүү интернеттеги көптөгөн ачык маалыматтарга жол ачат. Эң көп китептердин жана публикациялардын көбү англис тилинде. Тил билбесең илимий, техникалык жана башка жаңы нерселерден кур каласың. Коңшу Казакстанда министрлердин жарымы чет өлкөлүк тилдерди билишет. Мисалы, биз эмне үчүн министрлик кызматка дайындоодо анын чет тилди билүүсүн талап кылбайбыз?

- Бизде чет өлкөдөн окуп келген жаштар бар, англис тилинде эркин сүйлөшөт, аларга кызмат сунушташпайбы же алар өздөрү айлыгы аз деп келишпейби?

- Балким, материалдык жагы да аларды канааттандырбайт, бирок негизгиси, менин көз карашымча, чыгармачылык жана жаратмандык иштер үчүн эркиндиктин жоктугу. Режимдин алдында жөнөкөй аткаруучу болуу, төмөнкү айлык менен баарына жоопкерчилик тартуу – анча жакшы эмес келечек. Карагыла, чиновниктерге канчалаган кылмыш иштери козголууда. Алардын көбү чечим кабыл алуудан коркушат. Ошондуктан биринчи планга жазалоо чараларын эмес, жагымдуу шарттарды түзүү керек. Качан жакшы айлык, мыйзамдын чегинде иштин эркиндиги, чыгымдар системасы ордуна коюлса, ошондо адам чын пейилден иштеп берет. Көп адамдар мамлекеттин жыргалчылыгы үчүн иштеп бергиси келет, бирок аларга шарттар түзүлүүсү керек.

- Бизнес – өнүктүрүүнүн локомотиви. Кыргыз бизнесине эмне тоскоол жаратууда?

- Мамлекет түзө турган өнүктүрүү үчүн бизнеске өзгөчө учур керек. Ал үчүн үч фактор керек: капитал, технология жана адам ресурсу. Бизде эмне? Каржы капиталы чектелген. Кыргызстан өтө кооптуу өлкө болгондуктан банк сектору арзан акчаларды тарта албайт, андыктан жогорку пайыздык өлчөм бар. Фонд биржасы калкка каржы ресурстарын тартса болот, бирок ал да өнүккөн эмес. Баса, мамлекет өзү чет өлкөлүк фонд рыногунан каражат тартса болот, евробонд деп аталат. Ооба, аларда пайыздар бир аз жогору, бирок башка өлкөгө көз карандылыгы жок. Көрдүңүзбү, фонд рыногу менен иштөө жолго коюлган эмес.

Технологиялар – капиталды натыйжалуу иштетүүчү ыкмалар жана механизмдер. Биздин рынокко Hyatt келгенге чейин бизде беш жылдыздуу мейманкана болгон эмес. Алар ушундай деңгээлдеги мейманканалардын стандарттарын жана технологияларын алып келишти. Ушундан кийин Кыргызстанда мейманкана бизнесинин бурганактаган өсүүсү пайда болду. Өз учурунда Ли Куан Ю чет өлкөлүктөрдөн технология менен жардам берүүсүн суранган. Япония суу курулуш заводдорун жана жогорку кирешелүү өндүрүштү кантип тургузуу керектигин көрсөтүп жана үйрөткөн. Технологияны жана адам ресурсун тартуу үчүн мамлекет коопсуздукту камсыздап, баарына түшүнүктүү “оюндун эрежесин” иштеп чыгып, анын аткарылышын камсыздашы керек. Биз азырынча мындай шарттарды түзө албайбыз. Бул жерде Израилдин тажрыйбасын келтирсек болот – аскердик кагылыштардын жана катуу тыюуу салуулардын учурунда Өкмөт жарандар үчүн шарттарды коюп, өнүктүрүүгө инновациялык арга таба баштоосун суранган. Алар бардыгын жана бүт баарын шек кылып, мыкты идея жана чечим үчүн чыныгы атаандашуу талашын жүргүзүшкөн.

- Айрымдары бизди элестетет. Биз дагы баарынан шек санайбыз. Биздин эл өзүнө өзү кам көрүүнү үйрөндү. Адам ресурсу бизде даяр экен да?

- Бул биздин кошуналарга салыштырганда чоң жетишкендик, биздин эл мамлекетке кылчактабай жашай берет. Абалга жараша ыңгайлашып жана чечим кабыл алуу жолдорун табуу – пайдалуу билим. Инновация дүйнөлүк экономикада алдыңкы орунга чыгат, чийки ресурстар акырындык менен экинчи планга өтөт. Чыгармачылык жана инновация биздин элде эгемендик жылдарында калыптанды, өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү гана калды.

- Бир жолу мен макроэкономикалык абалдын божомолу үчүн эксперт издеп таппай койгом. Балким көйгөй аналитикададыр? Сиздин көз карашыңызча, Кыргызстандын экономикалык саясатына акцент жасоо эмнеден улам болот?

- Жок, проблема аналитикада эмес. Бизде кыйын адамдар көп. Улуттук банктын, Улуттук статистика комитетинин сайттарын карагыла, анда жакшы аналитикалык материалдар бар. Маселе башкада: аны пайдаланышабы? Көптөгөн өнүккөн өлкөлөр борборлоштуруп дүйнөлүк рыноктун керектөөлөрүнө изилдөө жүргүзүштү, мамлекеттик фонддорду түзүштү жана өндүрүштү кое берүү үчүн ички мүмкүнчүлүктөрдү издешти. Бул фонд дароо “колго алып” каржылык жактан жардам берүү менен андан ары даяр продукцияларды жайылтууга ишкерди киргизди. Мамлекет Өкмөт аралык деңгээлде мындай кызматташтык жөнүндө келишим түзсө болот, жеке сектор мындай мүмкүнчүлүккө ээ эмес. Мына ушундай багытта ойлонуп иштеш керек.

- Бул үчүн ЭИК эмне кылат?

- ЭИК реформаларды иштеп чыгуу бөлүгүн өзүнө алса болот, тагыраагы абалды анализдөө жана керектүү аракеттерди дыкаттык менен бөлүштүрүү. Коомчулукка бул реформанын ойтуюмдарын жана идеяларын жеткиликтүү тил менен жеткирүү. Качан кеңири масса түшүнүп жана идеянын маанисин кабыл алса, анда алар саясатчылардан анын жайылтылышын талап кылышат. Андан ары эксперттерди тартып, бул долбоорлорду ишке киргизүү менен инвесторлорду тартса болот. Ушу сыяктуу бардык деңгээлде ЭИК активдүү катыша алат.

- Ассоциациянын келечектеги пландары кандай?

- Республиканын бардык аймагында бизнес-секторлорго жардам берүүнү пландап жатабыз. Ар бир облуска ЭИКтин коомдук кабыл алуусун ачып, кандай гана ишкер болбосун өзүнүн кыйынчылыктары менен бөлүшүп, кеңештерди ала тургандай болот. Андан сырткары, өз ишмердүүлүгүбүздү кеңейтүү жана Орто Азия аймагына чыгуу амбициялык максаттарыбыз бар. Биз Өзбекстан, Тажикстандагы коллегалар менен сүйлөшүп турабыз, биздин укуктарды коргоо жана бизнес кызыкчылыктарын мыйзамдуу алдыга жылдыруу, инвестициялык климатты жакшыртуу тажрыйбабыз аларга кызыктуу жана алардын ишмердүүлүгүнө кереги тийээрин түшүнөбүз.