-Башкы прокуратуранын өкүлдөрү бул кодекстер криминалдашпай, гумандашуу жагына баратат деп жатышат. Сиздин оюңузча кандай болуп жатат?
-Биздин оюбузча тилекке каршы, криминалдашуу болуп жатат. Себеби Жоруктар кодекси жоюлуп, анын бир бөлүгү Жазык кодексине, экинчи бөлүгү административдик укук бузууларды караган Бузуулар кодексине өтүп кетиптир. Ошондуктан мурда жоруктар катары кабыл алынган иштер эми кылмыш катары каралмакчы болууда. Процедуралар боюнча алсак, азыр тергөөгө чейинки текшерүү деген кошулуп жатыптыр. Бул эч кандай кылмыш иши ачылбай, эч кандай документтештирүү жүргүзүлбөй туруп эле кандайдыр бир аракеттерди жасоо. Ушул жол көп укук коргоо органдарына мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатат. Мисалы, муну алып келсеңер кылмыш ишин козгобойбуз, алып келбесеңер козгойбуз деп, ишкерлерди 20 күнгө чейин тергөөгө чейинки текшерүүгө алышат экен. Ушул көрүнүш 1997-жылдагы эски кодексте бар болчу. Кийинки 2019-жылдагы кодекстен алынып салган эле. Казакстан, Россия да бизди заманбап, алдыга кадам таштаган кодекстерди кабыл алдынар, эч кимде ашыкча укук жок экен деп үлгү катары тутушчу экен. Азыр болсо биз кайра артка кайтып баратабыз. Укук коргоо органдары эски убактыгыдай укуктарын кайтарып алышты. Прокуратура өзү ишти ачып, тергеп, анан өзү кайра көзөмөл жүргүзөт экен. Мунун баары коррупциянын жолу деп эсептейбиз.
Дагы бир жагдай, азыр иштеп жаткан кодекст боюнча бөгөт чараларын бир гана сот кабыл алса, жаңы редакциядагы кодекстер боюнча кээ бир иштер боюнча чечимдерди тил кат менен тергөөчүлөр өздөрү кабыл алышат экен. Бул да пара алууга жол ачат. Себеби сотко барууга кажет жок, экөө отуруп алып эле чечип койсо болот.
2019-жылдагы кодекстер менен Пробация механизми ишке кирген. Анда опурталдуу эмес мыйзам бузуу болсо, камабай эле үйүндө жашап айына же жумасына тиешелүү кызматтарга барып белгиленип турган жаза каралган. Пробация буга чейин беш жылга чейинки жаза берүүлөргө колдонулчу. Эми оор кылмыштар адамды зордуктоо, денесине оор залал келтирүү сыяктуу кылмыштарга пробация колдонулаарын айтып жатышат. Демек, он жыл түрмөдө отургандан көрө үч жыл пробацияда отуруу менен оор кылмыш жасаган адам кутулуп кете ала турган шарт түзүлүп жатыптыр. Анда тергөөчүлөр, соттор “сага оор кылмышың үчүн жеңил эле жаза беребиз, бирок биз менен жакшылап сүйлөшүшүң керек” дешет да. Биздин азыркы шартта бул толук боло турган иш.
Азыр бизде кимди коргоо зарыл? Укук коргоо органдарын коргогондун ордуна адам укуктарын, ишкерлердин, жалпы элдин укуктарын коргоо зарылдыгы туруп жатпайбы.
Эгер ушул кодекстер күч органдарын гана күчөтсө, кийин анын натыйжалары эмнеге алып келиши мүмкүн? Мамлекет менен элдин ортосундагы укуктук карым-катыштын тең салмагы бузулса, мунун аягы жакшылыкка алып барбайт. Ушунчалык орчундуу документтерди бир айдын ишинде шашылыш иштеп чыгып, Жогорку Кеңеш каникулга кеткиче кабыл ала коелу деген аракет таңгалычтуу. Себеби бул кодекстер ар бир адамдын тагдырына таасир тийгизиши мүмкүн. Эмне үчүн бул кодекстерди жабык эшик артында коомчулукту, журналисттерди катыштырбай иштеп чыгышты? Эмне үчүн? Азыркы учурда ыкчам чечиле турган иштер вакцина, азык-түлүк коопсуздугу, айыл чарба маселелери эле. Кодекстерди кабыл алууга шашпаш керек болчу.
Прокуратуранын өкүлүнүн айтымында бул кодекстер июнда кабыл алынып, сентябрда ишке кирет экен. Мындай мамиле такыр акылга сыйбайт.
Эгер аларды кабыл алууга коомчулук катышпаса, документтер чийки иштелсе алар кабыл алынгандан кийин да адамдардын тагдырына ошондой таасирин тийгизээри турган иш.
Азыр жайында элдин баары талаачылык иштери, эс алуу менен алек. Бул учурда кодекстерди эч ким окуп, талкуулабайт да.
-Жакында Бизнес – Акыйкатчы ишкерлер менен болгон жыйында бул кодекстердин ишкерлерге карата бажы, салык тармагындагы таасири боюнча чоң коркунучтар бар экендигин айтты. Ошолор тууралуу айтып бересизби?
-Аткезчилик боюнча, канча суммадан кийин кылмыш деп эсептөөгө болот же кылмыштын босого суммасы дегендерди өзгөртүшүптүр. Мисалы, азыркы кодексте андай сумма миллион сомду түзсө, жаңы редакциядагы кодекстерде анын суммасы беш жүз миң сомго түшүптүр. Эгер бул боюнча кетсе анда абдан көп ишкерлерге кылмыш ишин козгоого күч органдарына жол ачылып калат. Бажы аркылуу анча көп эмес товар ташыгандарга булардын зыяны катуу тийиши ыктымал. Албетте, чоң суммадагы товар ташыгандарга зыяны тийбеши мүмкүн. Бирок катардагы карапайым ишкерлерге зыяны тийет деген коркунуч бар. Андай адам аткезчилик менен алектенбесе деле, күч органдары ошого такап жазалашы толук ыктымал.
-Дагы бир жагдай, жазалоо жаатында абдан чоң жолдор ачылып жатканын айтып жатышат. Мисалы, беш жүз миң сомдон тарта беш жылга чейин эркинен ажыратуу деген сыяктуу. Бул дагы соттордун паракорчулугуна жол ачпайбы? Сиздин оюңуз?
-Бул дагы абдан опурталдуу, себеби ал соодалашууга алып келиши мүмкүн. Эгерде сот, тергөөчү менен жакшылап сүйлөшсөң айып пул менен эле кутуласың, болбосо беш жылга камаласың деген шарт түзөт. Бул коррупциялык механизм. Азыр деле бюджетке каражат ар кандай жол менен түшүп жатканын көрүп жатпайбызбы. Мынча зыян келтирилди деп соттун чечими жок эле “өз ыктыяры менен баланча миллион сом берди” деген маалыматтар чыгып жатпайбы. Бул эмнеге алып келиши мүмкүн? Бул ишкерлерди көмүскөгө кирүүгө, бизнести Кыргызстандан чыгып кетүүгө алып келет. Азыр деле бизнесмендер өз ишин Россияга, Түркияга, Казакстанга чыгарып кетип жатышат. Бизде эч кандай жаратмандык иштер жок эле, күч блогунун кысымы гана жүрүп жатат.