Жаңылыктар / ЭИК жаңылыктары /
Ишкерлерди жүдөткөн бюрократия

Азаттык
13 февраль 2020

Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешке ккараштуу Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет 12-февралда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандагы ишкерлик көйгөйүн талкуулады.

Ага катышкан бизнесмендер тармактагы кемчиликтерди көтөрүп, тоскоолдуктар тууралуу көйгөйлөрдү козгошту.

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков жыйында ишкерликтеги тоскоолдуктарды белгилеп, маселени чече албаган жетекчилерди зекиди.

Эл аралык ишкерлер кеңешинин төрагасы Аскар Сыдыков ишкерди жүдөткөн коррупциялык система жоюлмак тургай, азая электигин айтты:

“Кошумча салык деген бар. Ал сен 10 жыл мурун аз салык төлөгөн экенсиң, ошонун айырмасын төлөп кой деп салык кызматкери келет. Кечиктирген күндөрүң үчүн туум менен төлө дейт. Анда эмнеге убагында айтышкан эмес? Мына ушундай коррупциялык система бар. Бирдиктүү депозиттик эсеп боюнча өкмөттүн токтому бар. Ошол токтомдо бизнеске тиешелүү жол-жоболорду алып салуу сунушун берип жатабыз. Анткени бул эсеп коррупцияга жол ачат. Аны жоюп салса, күч органдары эсепти толтурууга ашыкпайт. Анын пайдасы ишкерлер үчүн иштейт”.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 250 миңге жакын салык төлөөчү бар. Анын ичинен 2000ден ашыгы чоң бизнес. Ал эми эки миңдейи орто болсо, 250 миңге жакын кичи бизнеске туура келет. Бюджеттин 78 пайызын ири бизнестен түшкөн салык толтурат. Ошол эле кезде 242 миң кичи бизнес төлөгөн салык болгону алты пайыз. Буга патент, салык келишими менен иштеген кафе-ресторандар, соода түйүндөрү жана жеке ишкерлик менен алектенгендер кирет. Бирок ошол эле убакта өткөн жылы патентти жоюу маселеси көтөрүлүп, учурда мыйзам долбоору даярдалган.

Ссылка: https://www.azattyk.org/a/ishkerler_toskoolduktar-salyk/30430554.html