Жаңылыктар / ЭИК жаңылыктары /
Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктайбыз!

МДС
8 март 2024

Эл аралык ишкерлер кеңеши бардык айымдарды - мээримдүү апаларды жана асылзат эже - карындаштарды жадыраган 8-март жаз майрамы менен чын ыкластан куттуктайбыз! Жаратылыш ойгонгон жаз мезгилин аялзаты менен салыштыруу бекеринен эмес. Ак элечек энелер, жарык маңдай өмүрлүк жарлар жана заман менен тең жарышкан кыз-келиндер үй-бүлөнүн эле эмес, жалпы улуттун уңгусу экендиги анык. Кыргызстаныбыздын экономикасынын өнүгүшүнө, келечекте татыктуу муунду тарбиялоого жана элибиздин улуттук наркы менен баалуулуктарын сактай билүүдө аялзатынын эмгеги эбегейсиз зор. Барга да, жокко да түтүмдүү жана көтөрүмдүү аялзаты бар үчүн дүйнө тең салмакта турат десек ашыкча болбос.

Ардактуу апалар, эже - карындаштар жана асылкеч замандаштар! Баарыңыздарга чың ден соолук, жарык маанай, үй-бүлөлүк бакыт, бакубат өмүр сүрүүнү каалайбыз! Жадыраган жаз майрамы куттуу болсун!