Жаңылыктар / ЭИК жаңылыктары /
Нооруз майрамыңыздар кут болсун!

МДС
20 март 2024

Ардактуу мекендештер!

Нооруз – жаратылыштын жаңылануусунун жана аруу ниет, тилектердин майрамы. Ата-бабаларыбыз Ноорузда күн менен түн теңелип, күн узарып, жаңы жыл келди дешип, өзгөчө белгилешкен. Жарыкчылык түндү, жылуулук ызгаар суукту жеңген сыяктуу, чындык жалганды, жакшылык жамандыкты жеңет деп тилек кылышкан. Жер айдап, үрөн сээп, келечекке, жакшылыкка умтулушкан.

Мекенибиздин бүтүндүгүн көздүн карегиндей сактап, асыл тилектер жана тынымсыз эмгектенүү менен Кыргызстаныбыздын тынчтыкта өсүп-өнүгүүсүнө салым кошуу - ар бирибиздин ыйык милдетибиз.

Улустун улуу күнүндө үйүбүзгө кут конуп, ишибизди ийгиликтер жылоолоп, ынтымак-ырашкерлик коштосун!

Эл аралык ишкерлер кеңеши жадырап кирип келген Нооруз майрамы менен бардыгыңыздарды чын ниеттен куттуктайт!