Жаңылыктар / ЭИК Мүчөлөрдүн Жаңылыктары /
Президент Кыргызстандагы санариптик трансформациянын максаттарын өзгөчө белгиледи

БАУ
14 октябрь 2019

Кыргыз Республикасынын Президенти «Борбордук Азиядагы санариптик трансформация» конференциясын ачты.

Бул үч күндүк эл аралык конференция Борбордук Азия Университети (БАУ), Маалымат технологиялар жана байланыш боюнча Мамлекеттик комитет, Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар Паркы тарабынан биргелештикте уюштурулуп, Борбордук Азия Университетинин Нарын шаарындагы кампусунда да бир күндүк иш-чара өткөрүлөт.

Кыргыз Республикасында жарыялаган аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында өткөрүлүп жаткан эл аралык конференцияга 12 чет өлкөдөн 20дан ашык баяндамачы, ошондой эле Борбордук Азиянын 100дөн ашык алдыңкы технологиялар боюнча эксперттер ушул тармактагы бүгүнкү күндөгү жана келечектеги тенденцияларды талкуулоо максатында катышууда. Технология боюнча адистер, мамлекеттик кызматкерлер, билим берүү системасынын кызматкерлери жана изилдөөчүлөр ары татаал, бирок ары кызыктуу маселелерди чечүүгө багытталган заманбап чечимдерди талкуулашат. Талкуулана турган маселелер так маалыматтарды топтоо жана талдоо, санариптик мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр, мамлекеттик жана жеке менчик ишканаларды башкаруу, киберкоопсуздук жана билим берүү менен изилдөө сфераларындагы маалыматтык - коммуникациялык технологиялардын (МКТ) ролунун жогорулашына байланышкан.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасында санариптик трансформация үчүн мамлекеттин максаттарын жана саясатын өзгөчө белгиледи

Өзүнүн куттуктоо сөзүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Биз Кыргызстанды аймактагы санариптешүү боюнча алдынкы мамлекеттерге киргизүү максатын алдыга койдук. Санариптешүү технологиялар дүйнөлүк экономиканын маңызын өзгөртүп, ааламдашуу процессине тереңирээк киришүү менен ар бир мамлекет үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө. Бул мүмкүнчүлүктөрдү эффективдүү пайдалануу максатында, биз жаңы көз караштарды жана ой жүгүртүүлөрдү мамлекеттик башкарууда жана бизнесте пайдаланышыбыз зарыл».

Борбордук Азия Университетинин Камкорчулар Кеңешинин Төрагасы жана Ага Хан Өнүктүрүү Уюмунун (АКДН) Дипломатиялык өкүлү доктор Шамш Кассим-Лакха БАУ менен АКДН Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков белгилеген санариптешүү боюнча маанилүү саясий сунуштарды ишке ашыруу боюнча өкмөт жана мамлекеттик органдар менен кызматташууну жана колдоону уланта тургандыгын билдирди. Ал өзгөчө төмөнкү маанилүү жагдайларды белгилеп өттү: «Окутуу жана технологиялык жетишкендиктер системасыз өнүгүүнүн булагы болуп калбастан, коомдун этикалык, маданий жана нормативдик негиздерине таянганы өтө маанилүү. Тармактын эң мыкты акыл ээлери менен кесипкөй байланыштарды түзүү үчүн болуп көрбөгөндөй эң сонун мүмкүнчүлүктү камсыз кылуу менен катар Microsoft, Cisco, Oracle жана SAP сыяктуу компаниялардын, ошондой эле Борбордук Азиядагы телекоммуникациялык, тоо-кен жана энергетикалык сфералардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен терең мазмундагы диалог жана жемиштүү талкууларды жүргүзүүдө аталган конференция көпүрө болуп бермекчи. Уюштуруучулар аталган конференция келечекке санариптик трансформацияны чыңдап, өнүктүрө турган жаңы кызматташтыктын жана демилгелердин башталышына өбөлгө түзөт деп илгери үмүт кылышат».

Иш-чаранын демөөрчүлөрүнүн катарына өнөктөштөр менен бирге элди өтө жакырчылыктан чыгарууга, теңсиздикти төмөндөтүүгө жана өнүгүүдөн кыйла артта адамдардын жашоосун күчтөндүрүү үчүн саясатты алдыга жылдырып жана ишкердик чечимдерди жайылтуу иштерин жүзөгө ашырып келе жаткан Россия Федерациясындагы БУУнун Өнүктүрүү программасы кирген.

«Digital CASA – Кыргыз Республикасы» долбоору жана Open Data (Ачык Маалымат) бул иш-чаранын өнөктөштөрү, ал эми «Cisco - Greenlight IT Solutions and Consulting» - негизги демөөрчүсү. Башка демөөчүлөргө Logic, TallyMarks Consulting компаниялары, «Бай-Түшүм» банкы, Биринчи МикроКаржылоо Компаниясы жана Сорос Фондусу кирди.

Жыйынтыктоочу сөзүндө, Сооронбай Жээнбеков өзүнүн ыраазычылыгын конференциянын уюштуруучуларына: Борбордук Азия Университетине, Маалыматтык технологиялар жана байланыштар боюнча Мамлекеттик комитетине жана Жогорку Технологиялар паркына билдирди. «Мен бул конференция санариптик трансформациядагы жаңы жана креативдүү идеялардын маанилүү платформасы болооруна терең ишенем, анын ийгилиги баардык таламдаштардын ынтымактуу иш-аракетинен көз каранды» деп белгиледи.

Керектүү маалыматтар үчүн төмөнкү дарек менен кайрылыңыздар:

Борбордук Азия Университети

Тел: +996 (312) 621-979

Электрондук дарек: PublicAffairs@ucentralasia.org

Вебсайт: www.ucentralasia.org | https://dtca.kg